Супер фактылар: Аарылардын беш көзү болорун, алар кызыл түстү ажырата албарын билчү белеңиз?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Бүгүн, 20-май аарылардын дүйнөлүк күнү. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн чаңдашуу процесси дал ушул кичинекей, бирок ушунчалык кызыктуу жандыктар бар үчүн жүрөт. Аарылар күтүлбөгөн жерден жок болуп кетишсе, жер жүзүндөгү көпчүлүк өсүмдүктөр тукум курут болушат. Бардык эле өсүмдүктөр аарыларга көз каранды эмес. Мисалы, папоротниктер көбөйүү маселелерин өз алдынча чечип, аларга таптакыр муктаж эмес.

Аарылар тууралуу кызыктуу фактылар топтому

* Бал өндүрүү оор эмгек. Бул таттуу даамдын 100 граммын гана алуу үчүн эмгекчил аары орто эсеп менен 1 миллион гүлгө учушу керек.

* Аарылардын беш көзү бар, үчөө баштын төбө жагында, экөө алдыда.

* Алар кызыл түстү ажырата алышпайт.

* 2013-жылы АКШдагы Сент-Луист шаарындагы Вашингтон медициналык университетинин окумуштуулары аарылардын уусундагы күчтүү токсинди колдонуп ВИЧ клеткаларына кол салуунун жолун ойлоп табышкан.

* Өрт учурунда аарыларда өзүн-өзү сактоо инстинкти активдешип, бөтөн адамдарга көңүл бурбай, балды камдай башташат. Ошондуктан аары чарбасында түтүндү колдонуу натыйжалуу - уюкту түтөтүп тобокелсиз бал чогултууга жардам берет.

* Аары күнүнө 12 гектардан ашык аянтты аралай алат.

* Бир уюда болжол менен 100 миң чаңча бөлүкчөсү бар.

* Жыл сайын уулуу жыландын чакканына караганда аарылардын чагуусунан улам көп адамдар өлүшөт.

* Аары алыскы аралыктарга оңой учуп, кайра артка үйүнө жол таба алат.

* Башка аарыларга азык булагы бар экендигин маалымдоо үчүн аары өз огунун айланасында тегерек учууларды колдонуп, атайын бийлей баштайт.

* Аарылардын душмандары жана даяр тамак издегендер көп, ошондуктан уюктун кире беришинде ар кандай кырдаалга даяр турган күзөтчүлөр бар. Эч бир аары бирөөнүн уюгуна кире албайт. Ар бир уюктун адамдар сезе албаган өзгөчө жыты бар. Ар бир аары бул жытты өз денесинин бир бөлүгүндө сактайт жана уюкка кирерде өткөрүү барагы катары колдонот.

* Аарылар балды жыргал үчүн чогултпайт - дени сак тукумга жана алардын азыктануусуна кам көрүшөт. Миң личинканы азыктандыруу үчүн алар 100 грамм бал, 50 грамм чаңча жана 30 грамм суу чогултушу керек.

* Аарылар өтө начар көрүшөт жана бир жарым метрден ашык объектилерди айырмалай алышпайт.

* Жай мезгилинде бир аары уюгунан бир аары колониясынын бал түшүмү боюнча максималдуу рекорддук көрсөткүчү 420 килограмм.

* Аарылар Антарктидадан башка бардык континенттерде кездешет.

* Бал аары уюктан бир учканда миң гүлдүн айланасында учуп жүрөт. Бир килограмм бал чогултуу үчүн бир аары 60 миңден ашуун каттам жасашы керек.

* Аарылардын жыт сезүү жөндөмү күчтүү өрчүгөн. Бир чакырымга чейинки аралыкта ширелерди жыттай алышат.

* Шри-Ланка аралында аарылар улуттук ашкананын айрым тамактарына кошулат.

* Эгерде кандайдыр бир себептерден улам кыштоого бал жетишсиз болсо, анда жумушчу аарылар биринчи кезекте тамак-аш тартыштыгы баштала электе эле өлө башташат. Жумушчу аары өзүн курмандыкка чалуу менен эне аарыга жана үйүрдүн коопсуздугуна кам көрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан