Супер фактылар: Кыргыз өлкөсүнүн атынан кимдер "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген (тизме)

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Манас" эпосунан үзүндүнү суу ичпестен, оозуна наар албай, тынымсыз 14 саат 27 мүнөт айтканы коомчулукта толкундануу менен кабыл алынды. Манасчы мындай аракети менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү максат кылганын билдирген.

Бүтүндөй кыргыз элинин алкышына татыган Дөөлөт Сыдыков расмий түрдө дүйнөлүк рекордчулардын катарына кошулат деген ишенич күч.

Ал эми Дөөлөт Сыдыковго чейин да Кыргыз жарандары арасында “Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган жана ал тизмеге кирген мекендештерибиз бар экенин билчү белеңиз?

Дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген кыргыз жарандары:

  • Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер – Үсөйүн Кудайбергенов. Ал СССРде эле эмес, дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Каскадер катары көптөгөн фильмдерде тартылган. “Улуу Петр”, “Бабек”, “Борис Годунов”, “Али Баба жана кырк каракчы”, “Ярослав Мудрый” ж.б. фильмдерди тарткан режиссёр дагы. Ал «Юность гения» аттуу өзбек фильминде 27 метр бийиктиктеги жерден ат үстүндө, 1,5 метр тереңдиктеги Сыр дарыяга секирип, трюк жасаганы үчүн "Гиннесстин рекорддор" китебине кирген. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин "мыкты каскадёр" деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадёрдун бири болгон. Каскадерлордун «Ардактуу куру» сыйлыгын алган.
  • Хирург Мамбет Мамакеев - ал эң көп убакыттан бери иштеп келе жактан хирург катары "“Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Рекордчулардын китебинде Мамбет Мамакеев 2020-жылдын 29-февралына карата хирургдун кесибин 67 жыл жана 181 күн аркалаган адам катары көрсөтүлгөн.
  • Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей даана атып, Гиннесс китебине кирген циркач кызыбыз Аида Акматова (20 жашта, 2007).
  • 2007-жылы 14-майда Япониянын Нигата шаарындагы Япония эл аралык университетинин 50 студенти (50 мамлекеттин өкүлдөрү, балдар-кыздар аралаш) мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 720 ысыктыкта 1 саат отурушкан. Ошентип алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Ташболотов Турдакун деген мекендешибиз болуп, ал Кыргыз өлкөсүнүн кичинекей желегин оозуна тиштеп отурган.
  • Радислав Сафин менен Ольга Крамер - Кыргыз өлкөсүнөн чыккан иллизионисттер 1 мүнөттө этникалык стилдеги кийимдерден 20 даананы алмаштырып, Гиннесс китебине кире алышкан.

Мындан тышкары "дүйнөдөгү эң узун поэма" деген аталыш менен кыргыз элинин “Манас” эпосу да, “Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Анда "Манас" эпосу 500 миң саптан турары жазылган. Ошондой эле 2018-жылдын 11- мартында Бишкекте даярдалган бешбармак "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилгенин тастыктаган сертификат берилген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mariolan
2020-11-16 23:05:23
Мамакеевдин рекордун кайталаш кыйын, калганын кайталаса болот, андан сырткары эң көп бешбармак деген да бар беле
+1
Asyl.jazi
2020-11-17 08:24:40
Сыр дарыянын терендиги 1,5 метрби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан