Орусиянын Триазавирин препаратынын коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө эффективдүүлүгү бар. Мындай тыянакка кытайлык окумуштуулар келишкендигин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайга февраль айында Орусиядагы Кытай элчилиги жана Екатеринбургдагы окумуштуулардын сунушу менен коронавируска каршы сыноого аталган препарат берилген.
Алардын айтымында, Триазавирин препараты бейтаптардын сакайышын тездетип, көптөгөн симптомдорду жумшартууга алып келген.
Изилдөө жүргүзүүдө аталган препарат коронавирустун жеңил жана орто түрү менен ооруган бейтаптарга колдонулган.
"Азырынча мындай тыянак акыркы чечим болуп калбайт, анткени изилдөө иштери али уланууда. Бирок жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканы кубандырбай койбойт", - деген Орусия илимдер академиясынын вице-президенти Валерий Чарушин.