Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны дагы 2 жаранга көбөйдү. Ошентип ооругандардын жалпы саны 16 адам болуп калды.
Коронавирус жуктуруп алганы жаңы аныкталгандар 1960-жылы туулган эркек жана аял. Экөө тең Ноокат районунун тургундары. Алар да 13-мартта Сауд Арабиядан кичи ажылык зыяратынан келишкен.
Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Пакистанда 1963-жылкы Кыргыз жараны коронавирус менен жабыркап жатканы белгилүү болду. Ал жана дагы 4 Кыргыз жараны аталган өлкөгө даваат кылууга барышкан.
Чукул убакыттын ичинде бир катар чет өлкөлөр чек арасын жаап, авиа каттамдарын токтотконуна байланыштуу эс алууда жана башка себептер менен сыртта жүргөн жарандар орто жолдо калышкан. Египет жана Таиланддан келе албай жаткан 137 турист мекенине кайтышты.
Өкмөт айрым азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууга тыюу салат.
23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө чектөө коюлса, 24-марттан баштап башка аймактын тургундарына Жалал-Абадга кирип, чыгуусу үчүн каттамдар токтотулат.
24-марттан кийин чартердик каттамдар токтотулат.
12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтотуп туруу жөнүндө жарлыкка президент кол койду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.