Супер фактылар: Туулган күндө торт үстүнө шам жагуу салты качан пайда болгон?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Дүйнө жүзүндө туулган күн урматына торттун үстүнө шам жагуу эң жагымдуу учурдун бири болуп эсептелет. Мында туулган күн ээси торт үстүнө жагылган шамды каалоо-тилектерин айтып, өчүргөн салт бар.

Мындай салт качан, кайда пайда болгон?

Алгач бул салт XVIII кылымда Германияда пайда болгон. Анда кичинекей балдардын туулган күнүндө торт үстүнө бирден кем эмес шамдар коюлуп, күйгүзүлчү. Торттун үстүндө күйүп турган шам туулган күн ээси тарабынан каалоо-тилектерин айткандан кийин гана өчүрүлчү. Ошол учурда адамдарда шамдын түтүнү айтылган каалоо-тилектерди Кудайга жеткирет деген ишеним бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан