Супер фактылар: Эмне үчүн доллардын түсү жашыл?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

АКШнын акчасынын түсү өлкөнүн тарыхы менен байланыштуу. Башында АКШдагы Революция учурунда Конгресс басып чыгарган мыйзам долбоору боюнча акчанын түсү күрөң болуп, кара жана кызыл тамгалар менен басылып чыккан. Анда өлкө жасалма акчанын алдын алуу үчүн аны жибек кагазга басып чыгарган.

Революциядан кийин кагаз акчалар узак убакытка чейин чыгарылган эмес. Анткени өкмөт жарандар тыйындарга көбүрөөк ишенет деп эсептеген.

Кийин 1862-жылы мамлекеттин жаңы акчасы жашыл түстө басылып чыгарыла баштаган. Анткени ал түс өчпөй турган жана жасалма жасалгалоону кыйындаткан касиеттерге ээ болгон. Ошол бойдон ушул күнгө чейин доллардын түсү жашыл болуп сакталып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан