Бүгүн, 14-октябрда кандай саясий окуялар орун алды?
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кайра карап чыгууну сунуштаган.
Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоону жарыялаган.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. Анын талапкерлигин парламентке көрсөтүштү.
Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги жана өкмөтүнүн курамы каралып колдоо тапты. Өкмөттүн курамын төмөнкүлөр түздү.
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында шайлоо жөнүндө мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча маселе каралмак. Кворум жок болгондуктан жыйын өтпөй, тийиштүү комитеттин төрагасы Канат Керезбеков менен Алтынбек Сулаймановдун пикир келишпестиги мушташка жетти.
Депутаттар жана премьер-министр Темирлан Султанбековдун камактан чыгышы керектигин айтышты. 9-октябрда Бишкекте болуп өткөн митингден кийин кармалган Темирлан Султанбеков үй камагына чыкты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо тууралуу жарлыгына кол койду.
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.
Жолугушууда Садыр Жапаров президент бүгүн кечинде отставкага кетүүсү боюнча талабын айтты. Президент азыркы учурда бул кызматты таштап кете албай турганын билдирди. Жээнбеков өлкө укук талаасына келгенде, парламенттик шайлоо өтүп, жаңы президентти шайлоо жарыяланганда кетерин белгиледи.