
Космос мейкиндигин адамзат өздөштүрө баштагандан бери ал жерде жети жарым миң тоннадан ашык таштанды топтолду. Учурда Жердин орбитасында турган 20 миңге жакын жасалма объектилердин 2 миң 700гө жакыны гана активдүү спутниктер. Калгандары иштелип чыккан шаймандар же алардын сыныктары.