Супер фактылар: Жамгырдан аллергиясы бар адамдар бар экенин билчү белеңиз? Күздүн символу болгон жамгыр тууралуу кызыктуу фактылар топтому

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Күз дегенде эле көз алдыбызга сары-кызыл жалбырактар, эртең менен кийип чыккан күрмөнү күндүз колуна көтөрүп жүргөн адамдар жана нөшөрлөп жааган жамгыр менен кол чатырды элестетебиз. Сентябрь айы да аяктап калды, аба ырайында өзгөрүүлөр башталып, күздүн илеби даана байкалып жаткан маал. Эми нөшөрлөп жааган жамгырда кол чатыр алдында аялдамага шаша чуркайбыз. Мындай учурда айрымдары "ушу жамгырды жаман көрөм, суу болдум, баткакка малындым" деп табият кубулушуна нааразы болсо, кээ бири жамгыр алдында сейилдеп, ырахат алат. Айрымдарына жагымдуу сезим, тынчтануу тартуулап, кээ биринин кыжырына тийген жамгыр тууралуу кызыктуу фактыларды билесизби? Анда төмөндөгү фактыларга көз чаптырыңыз.

1. Вайелеале чокусу (АКШ, Гавайи) жер жүзүндөгү эң жамгырлуу жер болуп эсептелинет. Себеби бул чоку дүйнөдөгү эң нымдуу региондо (Кауаи аралы) жайгашкан. Кауаи аралы түндүк тарапта жайгашкандыктан атмосфералык өзгөрүүлөргө тез учурайт;

2. Антарктидадагы Кургак өрөөндөр дүйнөдөгү эң кургак жер деп эсептелет. Бул аймакта шамалдын ылдамдыгы 320 чакырым/саатка чейин жетип, нымдын бууланышына алып келет;

3. Жамгыр бир гана Жер планетасында эмес, Сатурн планетасынын спутниги Титанда да жаайт. Бирок анда жамгыр суудан эмес, суюк метандан турат;

4. Тарыхый маалыматтарга караганда, 1209-жылы азыркы Европанын батыш аймагында 20-майдан 9-августка чейин жамгыр тынымсыз жааган;

5. Португалияда жамгыр жааган күнү жумушка кечигип келүүгө уруксат берилет;

6. Эң ысык чөлдөрдө жамгырдын тамчылары жерге түшкөнгө чейин эле абада бууланып кетет;

7. Жер жүзүндөгү эң жамгырлуу калктуу аймак болуп Индиянын Черапунджи шаары эсептелинет;

8. 100 миллион кишинин ичинен 1 адамдын жамгырга (сууга эмес) аллергиясы бар экенин билчү белеңиз? Бул жамгыр тамчыларындагы бактерияларга байланыштуу;

9. АКШнын Огайо штатындагы Вайнсбург шаарында бир кылымдан ашык убакыттан бери жыл сайын 29-июлда жамгыр жаап келет;

10. Дүйнөдөгү эң узакка созулган жамгыр 1993-1994-жылдары АКШнын Гавайи штатында жааган. Ал дээрлик 247 күн бою тынымсыз жааган;

11. Бельгия жана Нидерланды Европадагы эң жаанчыл өлкө болуп саналат;

12. Жамгырдын жыты жок, ал эми жамгыр жааган убакта бизге сезилген жытты ным активдештирген бактериялар бөлүп чыгарат;

13. XVII кылымда Улуу Британияда аба ырайы тууралуу алдын ала туура эмес маалымат берген синоптиктерди өлүм жазасына тарткан мыйзам кабыл алынган;

14. Уганда (Чыгыш Африка) өлкөсүнүн калкы үчүн чагылган кадимки көрүнүш болуп калган. Себеби бул аймакта чагылган коштолгон жамгыр жылына 250 жолу жаайт;

15. Ботсвана (Африка) кургак өлкөлөрдүн бири, бул жерде "пула" сөзү бир эле учурда "жамгыр" жана "саламатсыңбы" деген маанини билдирет. Ошол эле учурда улуттук валютасынын аталышы да пула.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azimova90
2021-09-28 22:32:50
Менин туулган күнүм 17-январь, жылда суук болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан