Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 44 миллионго жакындады

Бүгүн, 28-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 43 миллион 903 миң 43 болду. Анын ичинен 29 миллион 730 миң 695 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 166 миң 127 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 774 миң 118 адамдан коронавирус аныкталды. 226 миң 613 адам каза болсо, 3 миллион 487 миң 666 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 946 миң 429 адамдан аныкталды. 119 миң 509 адам каза болсо, 7 миллион 201 миң 70 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 439 миң 641 адам вируска кабылган. 157 миң 946 бейтап көз жумса, 4 миллион 914 миң 733 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан