Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 10:00гө белгиленген Биринчи Лигадагы үчүнчү орун үчүн мелдеште "Келечек" командасы "Суусамырды" 18:2 эсебинде утуп, Биринчи Лигада үчүнчү орунду камсыздай алды.
Учурда саат 11:30га белгиленген Жогорку Лигадагы "Сары-Өзөн" - "Жаш Күч" командаларынын ортосундагы бүйүр кызыткан беттеш жүрүүдө.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.