Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун үчүнчү күндүк оюндары соңуна чыкты.
Үчүнчү күндүк оюндарда тизме боюнча жалпы 6 оюн ойнолду. Анын ичинен 4 оюн Биринчи Лигада, 2 оюн Жогорку Лигада. Үчүнчү күндүк оюндардын жыйынтыктары:
Биринчи Лигада: "Жети-Өгүз" - "Ала-Тоо" (2:11);
"Сокулук" - "Келечек" (8:9);
"Мурас" - "Тору-Айгыр" (19:4);
"Көк-Жал" - "Жумгал" (5:3);
Жогорку Лигада: "Ат-Башы" - "Сары-Өзөн" (3:16);
"Жаш-Күч" - "Кара-Буура" (7:2).
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.