Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 09:00гө белгиленген Биринчи Лигадагы "Жети-Өгүз" - "Ала-Тоо" командаларынын ортосундагы беттеш 2:11 эсебинде "Ала-Тоо" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндун үчүнчү бөлүгүндө "Жети-Өгүз командасынын оюнчусу Чыныбек уулу Арслан кооптуу, бирок ошол эле учурда улакты атаандаштарынын тай казанына ажайып көрүнүштө салды.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.