Бүгүн, 16-декабрда саат 9:30га карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы 13 эсе жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 69 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 218). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 143 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 220).
Аламүдүн-1 кичи району – 332 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 333).