Бүгүн, 19-ноябрда саат 9:10го карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы чектен ашып кетсе, Чыгыш-5 кичи районунда нормадан ашкан жок. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 56 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 51). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району – 13 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 9).