Депутат Бишкектин абасын булгаган кандай өндүрүштөр бар экенин сурады

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Бишкектин абасын булгаган кандай өндүрүштөр бар экенин сурады.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов абанын булганышы боюнча 2020-жылы 40 пункттан турган иш-чара иштелип чыкканын айтты. "Күн жылып калса деле булганычтар көрсөтүлүп жатат деген суроо бар. Ошол себептен 4 сезон биргеликте камтылып, анализ жүргүзүлөт. Абанын булганышы биринчи автотранспорт, ЖЭБ, менчик мончолор себеп болууда деп жатабыз", - дейт Шерипов.

Мавлянова: "Өзүмдүн байкашым боюнча, "Кант цемент заводу" болуш керек деп ойлоп жатам. Бишкек шаарын, ал жактагы айылдарды түтүн каптап кетет экен. Ошондой факты болсо фильтрлерди коюп, абаны булгоону токтотууну талап кылуу керек. Бизге ал завод керек, бирок элдин ден соолугуна кам көрүшүбүз зарыл", - деди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан