Илим Карыпбеков SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбооруна үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.
"Жубайым тууралуу социалдык тармактарда, маектеримде үстүртөн айтып кетем. Балдарымдын, жубайымдын сүрөттөрүн социалдык тармакка чыгарбайм. 2004-жылы жубайым экөөбүз үйлөнгөнбүз. Мен бойдок эмесмин, көптөр мени бойдок деп ойлошот. 4 балам бар, алар мектепте окушат. Мен идеалдуу адам эмесмин, каталарды кетирем. Мени жаман көргөн, жакшы көргөн адамдар болот. Ошондо балдардын сүрөтүн алып чыгып ар кандай пикирлерди жазышы мүмкүн. Менин тандаган жашоом, булардын ырахаттуу жашаганына тоскоол болбошу керек", - деди ал.