SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов болду.
Анда ал министрликте жасаган жана жасанганга жетишпей калган иштери жөнүндө айтты. Мындан тышкары Самара Каримовага байланыштуу чуулуу окуя боюнча да суроого жооп берди.