"Ош Пирим" телеканалы ырчы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялады

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшпөй келет. Чуулгандуу долбоордон кийин жергиликтүү айрым радиолор ырчы менен иштешүүнү токтотуп ырларына бойкот жарыялады. Буга чейин "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдады.

"Мындан ары телеканал аты аталган маданият кызматкеринин чыгармаларын, анын аткаруусундагы ырларын эфирге чыгарбайт. "Ош Пирим" ТРКсы кыргыз элинин маданий, улуттук баалуулуктарын коргоо менен коомдогу үй-бүлө ордун, тарбияны, адеп-ахлакты бийик коёт", - деп айтылат радионун билдирүүсүндө.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айтты.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2021-01-11 09:11:48
Туура кылыптыр бүт телерадио бойкот жарыялаш керек
+14
AJow
2021-01-11 09:19:21
Жаштык кылышыптыр дейт, жаштык кылгандай жаш бала эмес да булар? Киши болуп калыштыда мындайча айтканда, акылы менен иш кылышпайбы?
Уй-булоосу,бала чакасы бар адамдар да.Маданият кызматкери деген элге улгу болуш керек го дейм. Туурайт десе эле туурай берет экенбиз да кыкендер...
+13
Ozgocho111
2021-01-11 09:23:02
Туура кыласынар уятсыздарды. Кыргыздын жигиттери деп ким айтат буларды...
+13
Raihan0602
2021-01-11 09:27:25
Менин жолдошум көрүп жатыптыр бир эки эле сөзүн угуп терс пикиримди билдирдим. Ашкере жапайычылык.
+11
sultan_bek
2021-01-11 10:54:59
Куралды эмне мынча талап эле жатып калдынар. Жон эле тушундуруу ишин жургущуп койгула
-11
Tolik555
2021-01-11 13:58:43
sultan_bek,тушунгон Адамга тушундуруу или болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан