super.kg logo

"Курал Чокоев чет өлкөгө чыгып кетти" деген кептерге ырчынын жообу

 

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Анын дарегине жакшы да, жаман да пикирлер айтылып, алтургай ырчынын чет өлкөгө чыгып кеткени айтылууда.

Жогорудагы кептин чын-бышыгын билүү үчүн ырчы мырзага байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Мени башка өлкөгө кетти деген туура эмес. Эч жакка кеткен жокмун, Бишкекте элемин. Башка өлкөгө кетейин деген оюм да жок. Долбоорубуз токтотулду, тартылбайт, видеолор дагы өчүрүлдү. Баары жайында", - деди ал.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айтты.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза, Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай тургандарын билдиришкен. Ага улай эле "Ош Пирим" ТРКсы Курал Чокоевдин ырларына бойкот жарыялай турганын маалымдады.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.01.2021. 06:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
25-01-2021 21:10
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ой кокуй кетпейт белен эмне калып калдын? Кет!
12.01.2021. 07:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
510
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
26-01-2021 06:47
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мирбектен кемсиңби?
12.01.2021. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
491
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
26-01-2021 08:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+12
Кет ээнен
12.01.2021. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
19-09-2020
Соӊку аракети:
26-01-2021 07:53
Жынысы:
Белгисиз
+11
Саясий куугунтук деп кет да Америкага Мирбектен кемсинби

12.01.2021. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
02-02-2017
Соӊку аракети:
25-01-2021 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өзүңдү кимдеп елестетесин
12.01.2021. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
434
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
26-01-2021 09:38
Жынысы:
Белгисиз
+9
Беш мүнөттүк долбооруң кашыктап тапкан эмгегиңди жок кылды, эми сөгүнүп жүрө бер!
12.01.2021. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
22-02-2020
Соӊку аракети:
26-01-2021 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы пикирлер деле болгон дейт ким жакшы пикир айтты экен
12.01.2021. 14:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
25-01-2021 17:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уятсыз....жок болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159913;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: