SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин жоруктар иштери боюнча бөлүмчөсүнүн улук ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын майору Манзура Куватбекова айтып берет. Ал укук коргоо органында 2003-жылдан бери иштеп келет.
"Мен бул кесипти өзүм жүрөгүм менен тандагам. Детектив жанрындагы тасмаларды көп көрүп, ушул жаатта китептерди окуп жүрчүмүн. Кичинекейимде форма кийип жүргөн кыздарга суктанып, тергөөчү болом деп кыялданчумун. Ошентип өз каалоом менен тандаган кесибимде иштеп баштадым.
Жаңы милиция кызматкери болуп иштеп баштаган жылы ошол эле айда турмушка чыгып кеттим. Мен өз жумушумду сүйгөн үчүн кесибимди улантып андан ары алып кете алдым деп ойлойм. Аял кишилер көбү чыдабай кетип калышат. Бизде түнкү нөөмөт бар, көбүнчө үйгө кеч барасың, үйдө балдарың күтөт, бала бакчадан кызыңды алып кетиш керек деген өңдүү аял затына тийиштүү түмөн түйшүктөр бар. Бир жолу мен нөөмөттө туруп, анда кызым кичинекей эле Жаңы жыл күнү барам деп убада берип коюп, барбай калдым. Анан жолдошум менен кызым экөө дүкөндөн колбаса сатып алып, оливье салат кылабыз деп эптеп бир нерсе жасашып, тоскон күндөрү болгон. Эртеси келип иштебейм деп ыйлагам. Бирок тандаган кесипти сүйсөң таштап кете албайт экенсиң", - дейт ал.
"Тергөөчү болуп иштеп жүргөндө кызыктуу окуялар көп болгон. Анын ичинен эсте калганы бир жолу уурулук боюнча мага цыган улутундагы аял кишини алып келишти. Ал болсо алтын шакек уурдап алыптыр, бирок бизге далилдер жетишпей жатты, себеби ал шакекти баасы жазылган кагаз менен кошо жутуп алыптыр. Биз аны камаган күндө дагы далил зат болушу керек да. Ошол учурда эмне кылаарыбызды билбей, бир даарыканага чуркап, же дааратканага алып барабызбы деп отуруп акыры ооруканага алып барууну туура көрдүк. Анан алып барып, шланга жуткуруп сүрөткө тартат экен, ошентип шакектин жиптери менен турган сүрөтүн алып беришкен. Ошентип ал аялды сотко алып барсак баары күлүшкөн".
"Бул окуяны улай дагы бирөө эсиме түштү. Ал учурда ала качуу көп болчу, бирок ал кезде мыйзам бүгүнкүдөй күчүндө эмес эле. Бир күнү кыздын атасы арыз менен келди, кызымды ала качып кетти деп. Кыз болсо, мен өзүм баргам дейт. Кызды ала качып кетип, ал көңүлү менен отуруп калат анан кыздын атасы макул болбой бизге кайрылат. Издеп жүрүп, бир күнү үйүнө бардык. Кирип барсам, апасы балам үйдө жок деп киргизбейт, форма менен шиш така кийип алгам байкасам ажатканага бирөө кирип кетти. Анан артынан барып түртсөм эшиги жабык, такам менен тептим эле эшик ачылып кетти. Ачсам бир бурчта бала турат. Ошентип баланы кармаганбыз", - деп эстеди Куватбекова.