SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев болду.
Анда ал ага кылмыш иши козголушу керек дегендерге төмөндөгүчө жооп берди.
"Мен башкы прокурор менен сүйлөштүм. Ал дагы депутаттарга жооп берди. Эгерде уу коргошунду ичип жаткан 400 кишинин бирөөсү каза болсо же оорусу күчөп кетсе мага кылмыш иши козголушу керек. Жөн эле айыгып кеткен адамдарга жардам берип жатсам мага кылмыш ишин козгой алышпайт", - деди ал.