SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8 атайын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн команда башчысы, прапорщик Руслан Аскаров айтып берет.
Мен 1987-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында туулгам. Аталган кызматта 2010-жылдан бери кызмат өтөп келе жатам. 2017-жылга чейин өрт өчүрүүчү, куткаруучу, андан бери команда башчы кызматын аркалап келем.

Биздин жумушта жан кейиткен жагдайлар да катталат. Андай учурда кызматтык милдетибизди так аткаруу биздин башкы милдет болуп саналат. Эсимде, бир окуу жайдын жатаканасы күйгөн. Өрт улам алоолонуп, кеңейип бараткан кезде өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өз учурунда жетишип өчүргөнбүз. Ошондо студент кыздын “үтүгүм күйүп кетти” деп бизге келип ыйлаганы эсимде. Андай чоң өрт учурунда майда буюм-тайымдар эмес, адам өмүрү, имараттарды сактап калуунун өзү кооптуу. Анан бир үтүк үчүн ыйлаган көрүнүш бир эсе аянычтуу, бир эсе күлкү келерлик көрүнүш болгон. Бир ирет барак үйдө өрт катталды. Көрсө, ал жерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашайт экен. Чатыры күйүп кетсе да, үйдү сактап кала алдык.

Өрт өчкөн соң жашоочуларды көрүп, жан дүйнөмдө аябай кыйналгам. Бирок бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Тескерисинче сыймыктанам. Кызмат учурунда адам өмүрүн сактап, баалуу мүлктөрдү сактап калсак, кызматтык милдетибизди абийирдүүлүк менен аткарган учурда кадимкидей ырахат алабыз. Көбүнчө жаңы келген кызматкерлерге өрт өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтөбүз. Кызмат өтө чоң жоопкерчиликти талап кылгандыктан, практика жүзүндө көрсөтүп беребиз.

Жалпы кыргыз элимди кирип келген Жаңы жылы менен куттуктайм! Өлкөбүздө тынчтык болсун. Мамлекетибизде өнүгүү болушун каалайм. Айттырбай келген кырсыктар аз болсун. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам. Кырсык каш менен кабактын ортосунда дешет. Айрым учурда электр энергиясын көп пайдалануудан улам электр зымдарынын чыңалуусунан да өрт чыгып кетүүсү мүмкүн. Сак болуңуздар демекчимин. Балдардын от менен ойноосунан сак болуп, кароосуз калтырбаңыздар. Жаңы жылыбыз жаңал гана жакшылыктарды алып келсин. А биз сиздер үчүн дайым кызматтабыз. Баса белгилеп айта кетсем, биздин өрт өчүрүүчү кызматкерлер ар убак өрттүн алдын алуу багытында элге үгүт-насаат иштерин тынымсыз жүргүзүп келишет.