реклама
super.kg logo

Өткөн суткада өлкөдө 447 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

 

Республика боюнча өткөн суткада 447 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алган 447 адамдын ичинен 335 киши вакцинанын биринчи дозасы, 112 адам экинчи дозасы менен эмдөөдөн өттү.

"Жалпы өлкө аймагында 43 миң 127 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 6 миң 10 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170758;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: