Министрлик: "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери канча саат иштесе, ошого жараша айлык алышты"

Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери 100 сомдон 500 сомго чейин кошумча жардам алышып, коронавируска байланыштуу жумуш көп болгонуна карабай алардын маянасында өзгөрүү болгон эмес. Мындай маалыматтарды аталган кызматтын дарыгерлери айтып, нааразы болушууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова төмөнкүдөй жооп узатты. Анын айтымында, кызматкерлер канча иштесе, ошого жараша толтурулган табелдин негизинде маяна алышкан.

"Негизинен "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери канча саат иштесе, ошого жараша айлык алышты. Ал жакта өздөрүнүн атайын эсеби бар. Алар нөөмөттүн негизинде график менен иштешет. Муну кызматкерлер жакшы билишет. Себеби "Тез жардам" кызматынын жетекчилигинен табелдер бизге келип түшөт. Анын негизинде министрлик депозиттик эсептен аларга акча которот. Мурунку айда өлкө боюнча 6 миң 30 кызматкерге жалпы 34 миллион 700 миң сом кошумча каражат төлөндү", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан