SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков болду.
Анда ал борбордун ишинде тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.
"Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам турганына карабастан, биздин алдыбызда тоскоолдуктар өтө көп. Бул тоскоолдуктардын арасында жабык мекемелерге киргизбей койгон учурлар. Убакытты өткөрүп киргизген учурлар көп. Бизди киргизбей жаткан учурда суроо туулуп жатат. Демек, бул жерде баары жакшы эмес. Баары жакшы болсо, эшиктерин ачышып киргиле, карагыла демек да. Пандемия башталгандан баштап Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы чектөөлөрдү киргизди. ПЦР-анализи жок киргизбей жатышат. Мен алардын кооптонуп жатканын түшүнөм. Бирок ошол жактын кызматкерлери кирип чыккан сайын ПЦР-анализ тапшырышабы?", - деди ал.