SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-министр Нуржигит Кадырбеков болду.
Анда ага "Ыйман Нуру" партиясы былтыркы өткөн парламенттик шайлоодо 4 пайызга жетпеген добуш алган. Быйыл дагы парламенттик шайлоого аттанып жатасыздар. Мында шайлоодон жеңишке жетебиз деп ишенесизби?", - деген суроо берилди.
"Өзүңө-өзүң ишенбесең сага башка эч ким ишенбейт. Өзүбүз жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышыбыз керек. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги кең, ыймандуу, билимдүү жаштар өсүп келе жатат. Ошолор өскөн сайын келечегибиз дагы да кең болот. Кыргыз өлкөсүнүн ооматы, берекеси алдыда деп ишенишибиз зарыл.Ошол сыяктуу партиянын келечеги кең. Былтыр шайлоо башталардын алдында съезд болорго 2 күн калганда мени төрага кылышты. Жакшы эле добуш алдык. Таза добуш бергендер көп эле экен", - дейт ал.