"Чимкирик дегенге караганда менин каймана атым жакшыраак" дейт Тилек Токтогазиев

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда маек берди.

Маекте министр депутат Иса Өмүркуловдун "көп сүйлөсөңүз пландарыңыз ишке ашпайт" деген сөзү боюнча, өзүнүн каймана аттары тууралуу кеп козгоду.

"Кээ бир кишилерди түшүнбөйм. Суроолорду беришет, жооп берсең эмнеге жооп берип жатасың дешет. Иса Өмүркуловдун айткандары деле ушундай эле болуп калды. Кандай программаң бар, кандай жумуштарды аткарасың деп сурайт, айтып берип жатсаң көп сүйлөйсүң дейт. Макул мен унчукпай отурайын, силер эле сүйлөгүлө. Депутаттар бир нерсе тууралуу сүйлөгөндө мунун артында кандай кызыкчылыктар бар деп ой жүгүртүш керек экен. Анткени көп жерлерде жеке кызыкчылыктар бар. Душмандарым аябай көп болот деп ойлойм. Ар кандай адамдар келип коркутканга аракет кылып жатышат. Спортчулар менен келгендери дагы бар. Чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып келишет. Жоопкерчиликти силер эмес мен тартам деп, айткандарынан баш тартып жатам. Алардан коркпойм. Кээде министрлердин канча жетекчиси бар деп ойлоп кетем. 120 жетекчиден башка да толтура "шефтер" бар. Анын баарын уга берсек, жоопкерчиликти ким мойнуна алат", - деди Токтогазиев.

Мындан сырткары Айыл чарба министри өзүнүн каймана аттары тууралуу да кеп козгоду.

"Кичине кезимден бери башка улуттарга көп окшоштурушат. Көнүп калгам. Кытай, дунган дешет. Шаолинь дешет. Эч качан терикпейм, жүрөккө жакын кабыл албайм. "Чимкирик" дегенге караганда менин каймана аттарым жакшыраак", - дейт Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев: “Душмандарым көп болот, спортсмендер келип коркута башташты“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-12-20 09:35:15
Азамат
+11
Nurbany
2020-12-20 09:59:42
Миф сливным азаматсын
+4
Amai
2020-12-20 10:49:20
Чимкириктерге караганда шаулиндин маниси башчы агай узтаз жетектейтурган кучту адам ишине ийгилик досум.
+10
forever88
2020-12-20 10:57:07
Хаха, Атамбаев биздин жепжутарларга жакшы ат койгон "чимкириктер"
+16
Azyk_tegin
2020-12-21 11:55:35
Туз жургон жигит. Ишине ийгилик. Иса Омуркуловду болсо "кун тийген жердин кукугу" десе жарашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан