SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу кызыктуу баянды Октябрь РИИБинин кадрлар жана кесиптик даярдоо тобунун улук инспектору Омор Кылычбеков айтып берет. Ал 1991-жылы Нарын облусунда туулган. Алгач ардактуу кесибин күзөт кызматынан баштаган.
Кара-Кече көмүр кенинде бир адам каза болуптур. Анын өлүмүнө 3 милиция кызматкери шектелип жаткан экен. Анан алардын соту башталды. Сотто шектүүлөр темир тосмодо отурат эмеспи. Сот болуп жатканда, каза болгон жарандын туугандары бир нерсеге бензин куюп келип, шектүүлөргө чачып өрт коюп жибериптир. Тосмонун ичинде отурган кызматкерлер күйүк алып, алардын бирөө катуу күйгөн. Калп айтпасам, денесинин 60-70 пайызы күйүп калган. Аларды бошотолу десе конвойлорго эшикти ачтырбай коюп, алар ачкычты ыргыткан. Кызматкерлер өздөрү эшикти ачып, качып чыгышкан. Алар качып бара жатканда баягы маркумдун туугандары бир милиция кызматкерин кармап калып, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Анан Көкөмерен суусуна ыргытып жиберишкен. Берки күйүк алган менен дагы бир кызматкер качып, шаарга келип ооруканага жатып аман калышкан.
"Экинчи окуя Нарын облусунан Бишкектеги Ленин РИИБине которулганда болгон. 2014-жылы которулуп келип, иштеп жүргөн убакта 102ге чакыруу келди. "Ош базарында" аял киши бейбаштык кылып жатканы айтылды. Айтылган жерге келсек, 1987-жылы туулган келин кафеде мас абалында ызы-чуу кылып жатыптыр. Биз келип териштирүү иштерин баштадык. Бирок ал ага дагы караган жок. Бир кезде эле бетиме келип түкүрүп салды. Андан кийин галстугумду айрып, бети-башымды тытып баштады. Анан чогуу иштеген кызматкер экөөбүз аны унаага салып алып наркология борборуна жөнөдүк. Унаада дагы жөн отурбай тепкилеп, чапкылап, жулмалап барды. Бетимдин баары тытык. Анан ал жерден дагы ызы-чуусун токтотпой жатты. Эмне болсо ошол болсун деп рапортумду жазып, тергөөчүгө өткөрүп туруп кетип калдым. Бир айдан кийин соттон телефон чалышты. Көрсө, баягы келиндин соту башталыптыр. Бардым дагы соттук отурум башталаар замат келинге карата тосмо арызымды жазып бердим. Бирок судья аял киши болчу, ага дагы караган жок. 6 жылга шарттуу кесип салды".
"Бул деген менин кызматым да. Менин жумушум ошол. Кечигип келгенден баштап, форма кийүү жана башка толтура нерселер үчүн ар бир кызматкердин айыбын карап чыгып анан жаза беребиз. Бул менин кызматым, мени дагы туура түшүнүш керек", - дейт Кылычбеков күлүп.