SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-министр Нуржигит Кадырбеков болду.
Ага "Жакында эле бир катар саясий партиялардын тилектештик курултайы өтүп, резолюция кабыл алынды. Анын катарында сиздердин партия дагы бар. Резолюцияда эмнелер камтылган? Кандай максатта курултайды өткөрдүңүздөр?" деген суроо берилди.
"Мен ал эмне деген резолюция экенин билбейм. Текстин окуп, көргөн да жокмун. Кыргызда "чакырган жерден калба, чакырбаган жерге барба" деген сөз бар. Бул чоң адеп. "Реформа" партиясынан чакыруу келди. Барсам мага сөз беришти. Бизди биригип кетиптир деп чыгарышты. Партиялар иш-чараларына чакырса барам. Бизде жок идеялар аларда бардыр. Пикир алмашуу болушу керек. Ал жердеги саясий партиялар менен биригүү тууралуу сөз болгон жок.
Азырынча идеологиялык жактан бириге турган команда жок. Бизде партия жок. Эптеп парламентке өтүп алыш керек. Бизде убактылуу бирикмелер", - дейт Кадырбеков.