Жанар Акаев: "Бул жолу чындап эле административдик ресурс колдонулган жок. Шайлоо таза өтөт деп ишенем"

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев Бишкек шаарынын 10-кичи районунда жайгашкан №1109 шайлоо тилкесинде добуш берди. Добуш берүүдөн соң талапкер жаңы эрежелер менен өтүп жаткан бул жолку шайлоо тууралуу жеке пикири менен бөлүштү.

"Бул жолку шайлоодо элдин маанайы өтө эле жакшы эмес. Себеби жыл сайын шайлоо боло берип элде бир аз ишенбестик пайда болгондуктан үмүт өчүп калгандай жагдай бар. Бирок бул жолу бир мандаттуу жана партиялык түрдө өтүп жаткандыктан катышуу жакшы эле болсо керек. Бир гана кооптонгонум Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын катышуусу 30 пайызга жетпей калабы деп жатам".

Ал эми кезектеги шайлоо таза өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылбайт деген ишеничте экендигин билдирди.

"Бул жолу чындап эле административдик ресурс колдонулган жок. Добуш сатып алуу аракеттерин чектегенге да катуу чаралар көрүлдү. Бийлик бул жагынан алганда чын эле эркин көргөзө алды. Бир гана маселе - эл адашып, көп учурда жаңылыш белгилеп алышы ыктымал. Анткени өзүңөр билгендей, жаңы эреже боюнча партия кайра анын ичинен бир талапкер белгилениши керек. Анан электрондук урналар так иштеп берсе эле бул жолу шайлоо таза өтүп, эч кандай үзгүлтүккө учурабайт деп ишенем".

Мындан тышкары "Альянс" партиясы жок дегенде 3-4-орунда парламентке өтөрүнө ишеними чоң экендигин белгилеп өттү.

"Жеке биздин партияга элдин көз карашы жакшы. Аймактарда тургундар менен жакшы маанайда сүйлөшүүлөр өттү. Биздин партия алдыңкы орун менен өтөт деп айта албайм. Бирок экинчи же үчүнчү орун менен Жогорку Кеңешке барабыз деген ишеним чоң".

Ошондой эле талапкер эл бул жолу жаңылбай Жогорку Кеңештин курамын жакшырткан, активдүү, татыктуу талапкерлерди тандап алса деген тилекте экендигин кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан