Мен көргөн бир күн: "ГЭСтин тосмосунан түшүп кеткен окуучу кызды куткарып калганбыз"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасындагы Ички иштер министрилигине караштуу ички аскерлердин 8-батальонунун старшинасы Абай Мамытов эсинде калган бир күнү тууралуу айтып берди.

Абай Маматов 1987-жылы 22-июлда Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң кичүүсү. Ал 2005-жылы Кыргызстандын 40 жылдык атындагы №2 орто мектебин бүтүргөн. Каарманыбыз 2006-жылы Ата Мекенди коргоого атуулдук милдетин аткаруу үчүн Коргоо министрлигинин 97632 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Кызматын үлгүлүү мыкты өтөгөндүгү үчүн “сержант” аскердик наамын ыйгарышкан. Ал 2006-жылы мөөнөттүү аскердик кызматты аяктагандан кийин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр технологиялык университетине тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү аяктап, жогорку билимге ээ болгон.

- Аскер кызматкери болуп келгенден бери кайсы кызматтарды аркаладыңыз?

- Мен 2010-жылы аскердик кызматты улантуу үчүн контрактык негизде Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнө кызматка камсыздоо тобунун командири болуп дайындалдым. Андан кийин взвод командиринин орун басары, кароол башчысы кызмат орундарында кызмат өтөдүм, 2014-жылы 713-өзүнчө батальондун старшинасы кызмат ордуна дайындалдым. Учурда Ички аскерлердин Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан 8-батальондун старшинасы кызмат ордунда кызмат өтөп келем.

- Өзүңүздүн күнүмдүк аткарган милдетиңиз тууралуу айтып берсеңиз? Иш күнүңүз эң алгач кантип башталат?

- Менин кызматым эртең менен саат 06.00дө жоокерлер тургандан башталат, саат 7:10дө жоокерлердин тышкы келбетин текшерүү болот. Андан кийин тамактануу учурун көзөмөлдөө, ошондой эле күжүрмөн сабактар өткөрүлөт жана нөөмөттөрдү дайындоого нускамалар берилет. Андан сырткары жоокерлер жаткан жайлардын, батальондун аймагынын тазалыгын текшерүү, жоокерлердин жума сайын мончого түшүрүүнү уюштуруу менин милдетиме кирет.

- Ата Мекенге кызмат өтөгөндөн бери кандай сыйлыктарга ээ болдуңуз?

- Аткарган кызматым үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Алар боюнча маалымат берсем: Ички аскерлердин кол башчылыгынан, аскер бөлүктүн командиринен, айыл өкмөттөн жана кайтарууга алынган ГЭСтин башчыларынан көптөгөн сыйлыктарды алгам. Акыркы эки жылдан бери, жылдын жыйынтыгы боюнча Ички аскерлердин ичинде “Эң мыкты старшина” болуп эсептелип, ар кандай сыйлыктар менен сыйландым. Ошонун натыйжасында жана Ички аскерлердин кол башчылыгынын чечими менен, үлгүлүү катары мен кызмат өтөгөн 8-батальондо Ички аскерлердин батальон старшиналарына үч күндүк окуу-усулдук жыйыны өткөрүлдү.

- Сиздин аскер кызматкери болууңузга ким түрткү болду?

- Аскердик кызматка келүүмдүн себеби ата-энем болду десем жаңылышпайм. Атам кичинекей кезимден эле элиңе кызмат кыл жана элдин керегине жараган жигиттерден бол деп тарбия берчү. Ошол себептерден улам 2005-жылы мөөнөттүү аскердик кызматка өз каалоом менен бардым. Ал жактан Ата Мекенге болгон патриоттук сезимдер күчөп ойгонду. Ошол убакта аскер кызматкерлеринин түйшүгү оор, маянасы аз болсо да ата-энем менин элиме кызмат кылуу максатымды колдоп ак баталарын беришкен. Мөөнөттүү кызматымды аяктагандан кийин контракттык негизде аскердик кызматты уланттым. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөгөндүгүмө абдан сыймыктанам.


- Кызмат өтөгөн учурда сиз көргөн, эсиңизде калган бир күн тууралуу айтып берсеңиз?

- 2018-жылы мен кароол башчы болуп күжүрмөн кызмат өтөп жаткам. Бир маалда ГЭСте кароолдо турган күзөтчү, белгисиз бир кыз тосмодогу сууга кокусунан кулагандыгы тууралуу мага баяндайт. Ошол замат мен кароолдун өздүк курамына айгай көтөрүп дароо тосмого жетип бардык. Ал жакта бир кыз бийик тосмодон түшүп кетип, илинип турганын көрдүк. Ал окуя болгон жерде эл чогулуп, эч кимиси жардам көрсөтө албай турган учурда, кароолдун өздүк курамынын арасынан бир жоокер белине аркан байлап тосмого түшүп кызды алып чыкты. Ошентип биз ал кызды куткарып анын өмүрүн сактап калдык. Ал кыз азыркы учурга чейин Ички аскерлердин жоокерлерине ыраазычылыгын айтып келүүдө. Адам өмүрүн сактап калгандыгыбыз үчүн бүгүнкү күнгө чейин кубанам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан