Орусиядагы каргашалуу кырсыкта каза болгондордун сөөгү качан алынып келери белгилүү болду

Орусиядагы каргашалуу жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү 23-августта Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

"Жүк ташуучу учак Ульяновск убактысы менен эртең, 23-августта 13:00дө Ошко учат. Аралык 3 сааттык жол. Андан сырткары эки өлкөнүн убактысын эске алыш керек. Ошондо болжолу Кыргызстандын убактысы менен 18:00дө "Ош" аэропортуна конот", - деп билдирди ал.

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган.

Эртең, 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Видео: ӨКМдин басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан