Түркияда 29 саат урандылардын астында калган 2 айлык ымыркай тирүү табылды (видео)

Түркияда жер титирөө болгондон 29 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан 2 айлык ымыркай тирүү табылды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда аталган окуя Хатай провинциясында орун алгандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3800дөн ашты. Түркия дүйшөмбү күнү кечкиге карата 2379 адам каза болуп, 14 миң 483 адам жаракат алганын билдирсе, Сирияда кеминде 1444 адам каза болуп, 3530 адам жаракат алды.

Ал эми бүгүн, 7-февраль күнү Түркияда эки ирет жер титирөө катталды. Кечээ күндөн бери жалпысынан беш ирет жер силкинди.

Түркия өлкөсү катуу жер титирөөдө каза болгондорго байланыштуу жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.

Видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан