Менин жерим: Кышы узак, кымызды баалаган айтылуу Алайкуунун Көк-Арт айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көр-Арт айылы жөнүндө сөз болот. Эмгекчил элет элинин турмушу тууралуу жергиликтүү тургун, активист Төлөнбай Таалайбеков баяндап берет.

Анда сөз башынан болсун.

Элибизде “Алайкуу болк этсе, Москва солк этет” деген кеп бар. Ошол Москванын үшүн алган айтылуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн борбору аталган Көк-Арт менин айылым болот. Кытай менен чектешет.

Көк-Арт айылы деңиз деңгээлинен 2439 метр бийиктикте, Сөөк дарыясы менен Көк-Арт дарыясынын боюнда жайгашкан тоолуу айыл. Калкынын саны 3296 адамды түзөт.

Айылыбызда өкмөт үйү, орто мектеп, бала бакча, китепкана, мончо, спорт зал, ФАП, дүкөндөр жана башка айылдардан өзгөчөлөнүп стадионубуз бар.

“Эл башы болбой суу башы бол” дейт эмеспи. Дал ошол сыңары суунун башында турабыз. Менин айылым район борборунан 122 чакырым, ал эми облустан 220 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Райондун борборунан өткөндө эле айылыбызга чейин капчыгай аралап кетебиз. Кадимки “ыраматылык” СССРдин УАЗдары каттайт (күлүп). Капчыгай аралаган боюнча

Жол узак тоо койну Капчыгай,
Жүрөктө от жанган жаштык ай.
Жоготкон сүйүүмдү эстетип
Жолукту бир сулуу ай чырай! деп ырдап баратып, кантип айылга жетип калганынды билбей деле каласың.

Негизи биз Көк-Арттан эмес “Алайкуудан болобуз” деп айтабыз.

Айылыбызда кыш мезгили узакка созулат. Кыргызда “кыз кыздай, кыш кыштай болгону жакшы” дейт эмеспи. Азыр шаар жерлерине кар көп жаабай калды го. А биздин айылда бир метрдин тегерегинде кар жаайт. Шаарга барчу жолдо кар көчкү түшкөндө 1-2 күн жол ачылбай калган күндөр болот.

Айылыбыздын көчөлөрү толугу менен жарыктандырылган. 4G интернет тартат. Анын ылдамдыгы да абдан жакшы.

Ошондой эле элетте жайыттар кенен. Ден соолукка пайдалуу өсүмдүктөр арбын өсөт. Айыл элинин 99 пайыз мал чарбачылыгы менен алектенишет. Жылкылар бийик тоодогу дарылык касиети бар чөптөрдү жегени үчүн кымызы мыкты болот. Азыркыга күнгө чейин кымыз чаначта жасалат. Жеңелер чаначты ыштап, пишпек менен аябай бышып кымыз жасаганда тим эле тамшанып гана ичесиң. Айылыбыз негизи кымызы менен да атагы чыккан десек болот. Көп адамдар кымызга тамшанып, атайын барып ичип да кетишет.

Кичи мекенимде дарычылык касиети бар өсүмдүктөргө да бай. Мисалы: жерчай, кийик от, аркар от жана башка. Бул дары чептөр айрыкча кан басымы барларга табылгыс дары.

Туулган жеримден белгилүү инсандар көп чыккан. Тарыхтан алып карасак, кадимки Айтичеченди айтсак болот. Айтичечен өзүнүн чечендиги, олуялыгы тууралуу маалыматтар Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институнун кол жазмалар фондунда сакталып турат. Азыркы белгилүүлөрдөн Кыргыз Эл акыны Кожокелди Култегин агайыбызды сыймыктануу менен айта алабыз.

Чоңдор менен иши жок,
Чоң завод тургай изи жок.
Чоң жолу иштен чыкса да
Чоңдордон сураар киши жок.
Алайкуум эле тынч экен.

Чогула калып отуздай,
Чоң жолду бөгөп тосушпай.
Алабыз деп жумуштан
Айыл өкмөттү чочутпай
Алайкуум эле тынч экен.

Өткөрүп күнүн мал менен
Тойгозуп курсак нан менен
Ач калдык бизге бергин деп
Эсептешпейт хан менен
Алайкуум эле жакшы экен.

Элет эли меймандос, жөнөкөй. Жай турмушта күн кечирип, чарбачылыгы менен алектенип келишет.

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай-журтка жарыялоону сунуш кылабыз.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 779 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2023-04-11 21:40:00
Тунук суу ичип, таза аба менен дем алып чоңойгон асыл жерибиз.
0
udoqawje
2023-04-12 23:17:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан