Кыргызстанда бир жуманын ичинде (26-августтан 1-сентябрга чейин) бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, 26-августта Кара-Көл шаарынын мэри Таалайбек Конкобаев кызматынан бошотулган. Конкобаев аталган кызматта 2022-жылдын июнь айынан бери иштеп келген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кара-Көл шаарынын мэри болуп Нуртилек Орозбаев дайындалган болчу.
Буга удаа эле Ысык-Көлдүн Тоң районуна Бактыбек Осмонов аким болуп келди. Буга чейин ал Ош облусунун Араван районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген.
Бул аптада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп Жаныбек Керималиев дайындалды. Тиешелүү документке Акылбек Жапаров кол койгон. Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келгени кабарланды.
27-августта Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков болуп дайындалганы маалымдалды. Ал буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.
30-августта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты "Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге тапшырылды. Эл өкүлү Кадырбеков өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. БШК Кадырбековдун депутаттык мандатынан ажыраткан болчу.