Мексиканын президенти Трампка жооп кайтарып, 1607-жылдагы тарыхый картаны көрсөттү

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум Түндүк Америка континентин Мексикалык Америка деп атоону сунуштады. Ал мындай сунушун АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Мексика булуңунун аталышын Америка булуңу деп өзгөртүү керек деген билдирүүсүнө жооп катары айтканын чет элдик басылмалар жазууда.

"Мексика булуңу БУУ тарабынан таанылган ысым. Бирок эмне үчүн континентти Мексикалык Америка деп атабайбыз? Бул жакшы угулат, туурабы?" - деген Шейнбаум маалымат жыйынында.

Аргумент катары ал голландиялык "Ост-Индия" компаниясынын буйругу менен түзүлгөн 1607-жылдагы тарыхый картаны негиз кылган. Анда азыркы континеттин аймагы Мексикалык Америка деп белгиленген.

Буга чейин Трамп Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүү ниети бар экенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан