Канаданын мурдагы премьер-министри Жан Кретьен Globe and Mail гезитине берген маегинде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарга бириктирилиши керек деген өлкөлөрдү жолугушууга чакырды.
"Трамп бизди коркутуп эле тим болбостон, ал өсүп келе жаткан өлкөлөргө, ошондой эле Евробиримдикке чабуул коюуда. Канада тез арада Дания, Панама, Мексика лидерлерин жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенди жыйынга чакырышы керек", - деп билдирген ал.
Ошондой эле Кретьен макалада канадалык саясатчыларды Вашингтон менен мамилелерде өлкөнүн таламын активдүү коргоого чакырган.
Белгилей кетсек, Трамп Канаданы АКШнын 51-штаты кылуу, Даниянын курамындагы Гренландияны дагы бириктирүү идеяларын айтып келет. Ал мындан тышкары Панама каналын алуу жана Мексика булуңун атын өзгөртүү пландары бар экенин дагы ачыктаган.
6-январда Трамп Канадага Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштаган. Анын айтымында, канадалыктардын көбү өлкөсү АКШнын 51-штаты болуусун колдойт. Ал мындай идеясын өткөн жылдын декабрь айында да 2 жолу көтөргөн эле. Жыл башында жаңы лидер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Канаданын аймагы АКШнын курамына бириктирилгенин көрсөткөн картаны дагы жарыялап жетишти.
Трамп декабрь айында Гренландия аралы Кошмо Штаттардын менчигине өтүшү керек деген пикирин дагы билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан. Трамп жыл башында Флоридадагы маалымат жыйынында кайрадан Гренландия тууралуу сөз кылып, аралды көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн кыйыткан.
Ошондой эле ал жыйында АКШнын жаңы башчысы Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүү планы бар экенин айткан болчу. Буга Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум "Мексика булуңу БУУ тарабынан таанылган ысым" деп жооп берип, Түндүк Америка континентин Мексикалык Америка деп атоону сунуштаган.
Ал эми Панаманын тышкы иштер министри Хавьер Мартинес Ача Трамптын Панама каналын АКШга кайтарып алуу идеясына жооп кылып, канал сатылбай турганын билдирген.