Акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүн Айтыш күнү катары белгилөө сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо 17-январды Айтыш күнү катары белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 17-январда Бишкекте өткөн ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесинде айтты.

Эл өкүлү бул демилге төкмө акындардын суранычы экенин белгиледи.

"Салттуу музыка күнү бар, манасчылардын күнү бар. Акындардын да бир күндү Айтыш күнү кылалы деген суранычы болуп жатат. Ушу 17-январды - Элмикемдин туулган Айтыш күнү кылбайлыбы? "Төкмө келсе төр бошотту" эл аралык айтышка айландырбайлыбы? Кандай дейсиздер?", - деп суроо салды Самыйкожо.

Залда отурган айтыш ышкыбоздору шатырата коол чаап, Мирлан Самыйкожону кубатташты.

"Анда мындан ары 17-январь Кыргызстанда Айтыш күнү болуп белгиленсин деди", - депутат.

Белгилей кетсек, төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев быйыл көзү тирүү болгондо 47 жашка чыкмак. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан