Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путин менен бирге отуруп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Мындай пикирин британиялык журналист Пирс Морганга маек берип жаткан айткан.
"Эгер бул украиндер үчүн тынчтыкка жетүүнүн жана адамдарды жоготпоонун жалгаз жолу болсо, анда албетте биз буга барабыз", - деген Зеленский.
Ошону менен катар эле Путин ар дайым ал үчүн душман болуп кала турганын дагы айтып кеткен.
"Мен аны душманым деп эсептейм, эгер чын-чынына келсек, ал дагы мени ошондой эсептейт", - деген ал.
Буга чейин Зеленский биринчи америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугуусу керектигин, андан кийин гана Орусия менен сүйлөшүүгө өтүүгө болорун айткан.
Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалып жатканын билдирген.