АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс "The Wall Street Journal" гезити анын сөздөрүн бурмалагандыгын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Айта кетсек, буга чейин интервьюсунда Вэнс орус президенти Владимир Путин тынчтык келишимине макул болбосо, Украинага америкалык аскерлерди жөнөтүүгө уруксат бериле тургандыгы камтылган билдирүүсү тараган.
“Президент Трамп дүйнөдөгү эң чоң келишим түзүүчү. Ал Украинадагы согушту токтотуу менен аймакка тынчтык орнотот. Биз ар дайым айткандай, америкалык аскерлер өлкөнүн кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылбаган жерде эч качан зыянга учурабашы керек. Бул согуш Орусия менен Украинанын ортосунда.
WSJ менин сөздөрүмдү бул макалага жасагандай бурмалап коюшу акылга сыйбаган нерсе, бирок алар көп жылдар бою америкалык аскер уул-кыздарды негизсиз чет өлкөгө кеткенине шык берип турган. Буларга таң калыштын кереги жок”, - деп жазган ал.