Стамбулдун мэри кармалгандан кийин Түркиянын ири шаарларында митинг башталды (видео) 

Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында студенттердин катышуусунда митинг өтүп жатат. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалымдалгандай, учурда эки шаарда тең митингчилер күч түзүмдөрү менен кагылышууда. Акцияда көздөн жаш агызуучу газ колдонулуп, массалык камакка алуу болуп жаткандыгы айтылды.

Негизинен 23-мартка чейин аталган шаарларда митинг өткөрүүгө тыюу салынган болчу. Бирок демонстранттар ага карабастан массалык башаламандык уюштуруп жаткандыгы кошумчаланган.

Айта кетсек, митинге чыккандар Стамбулдун мэри камакка алынгандан кийин колдоо иретинде чыгышкан. Чиновник кармалгандан кийин социалдык түйүндөр иштебей, доллар рекорддук көрсөткүч менен жогорулагандыгы айтылган.

Түркиядагы кырдаал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан