Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана англиялык "Манчестер Сити" футболдук клубунун коргоочусу Абдукодир Хусанов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге “Манчестер Ситинин” кол тамгасы коюлган формасын тапшырды. Бул тууралуу Өзбекстандын футбол ассоциациясы билдирди.
Футболчу 21-мартта Өзбекстандын Жаңы паркында өткөн Нооруз майрамына катышкан. Иш-чарадан кийин эле ал президент Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, ага “Манчестер Ситинин” кол тамгасы коюлган футболкасын тапшырган. Өзбекстандын футбол ассоциациясынан билдиришкендей, Абдукодир Хусановду ал жакка атасы Хикмат Хошимов коштоп барган.
Эске сала кетсек, Шавкат Мирзиёев январдын аягында Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарынын алкагында Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы жана "Манчестер Ситинин" кожоюну шейх Халид бин Мохаммед Аль Нахайян менен жолугушкан. Сүйлөшүү учурунда президент Абдукодир Хусановдун "Манчестер Ситиге" өтүшүн да талкуулаган.