UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонуу менен кол салганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган америкалык Кейн Веласкести колдоого алды.
Нурмагомедов социалдык түйүндөрдө "Күчтүү бол, арстан" деп жазды.
Эске салсак, Веласкес 2022-жылдын февраль айында уулуна асылган адамдын унаасын бир нече жолу аткылап, анын атасын жарадар кылган.
Бул үчүн сот аны 5 жылга абакка кескен.