Самарканддагы саммитте Евробиримдик Борбор Азияга 12 миллиард евро инвестиция жумшаарын жарыялады

Европа Биримдиги “Global Gateway” программасынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 12 миллиард евролук инвестициялык пакет даярдады. Бул тууралуу 4-апрелде Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен "Борбор Азия - Евробиримдик" саммитинде билдирди.

Өз сөзүндө Еврокомиссиянын башчысы төрт приоритеттүү багытта кызматташуунун олуттуу потенциалын белгиледи: Транскаспилик транспорт коридору, маанилүү чийки зат, жашыл энергетика жана санариптик коммуникациялар.

"Прогресстерди тездетүү үчүн бүгүн мен 12 миллиард евролук Global Gateway инвестициялык пакетин сыймыкануу менен жарыялайм. Ал биздин [Европалык] Биримдиктин жана мүчө-мамлекеттердин инвестицияларын бириктирет. Биз муну Европа командасынын мамилеси деп атайбыз. Ал Борбордук Азияда долбоорлордун жаңы агымын баштайт. Бул чындыгында биздин байыркы достугубуздагы жаңы доордун башталышы", - деп баса белгиледи фон дер Лейен.

12 миллиард евронун 3 миллиарды транспорт тармагына, 2,5 миллиарды маанилүү чийки затка, 6,4 миллиарды энергетика тармагына, 100 миллиону Борбор Азиядагы спутниктик интернетти өнүктүрүүгө бөлүнө тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, саммитке президент Садыр Жапаров да барып катышып, кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан