Кытай 10-апрелден тарта АКШ товарларына болгон бажы алымдары 84 пайызга чейин көтөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Пекин мындай кадамга эки эки өлкөнүн ортосундагы соода согушу тереңдеп жаткан шартта барууда.
Белгилей кетсек, 2-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.
Көп өтпөй Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Трамп буга катаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизээрин айткан. Андан соң Ак үй Кытайдан келген товарлар үчүн бажы алымдарын 104 пайызга көтөргөнүн билдирген.