Бүгүн, 9-апрелде Temirov Live жана Айт, айт десе долбоорунун кызматкери, акын Азамат Ишенбеков эркиндикке чыкты. Социалдык тармактарда анын абактан чыккан видеосу тароодо.
Ал президент Садыр Жапаровдун ырайым боюнча жарлыгына ылайык, камактан бошотулду. Ишенбеков өзү "Азаттыкка" ага коюлган айыптарга дагы деле макул эместигин билдирген.
"10-апрель апамдын кыркылыгы болчу. Мен ошол күнү апамдын үйүндө куран окуп, дуба кылууну тилек кылган элем. Адвокатыма ыраазымын, анын аракетинин натыйжасында мен минтип боштондукка чыктым", - деген ал.
Белгилей кетсек, Ленин райондук соту Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып тагылган.