Стамбулда Орусия менен АКШ өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталды

Орусия менен АКШнын делегацияларынын өкүлдөрү Стамбул шаарындагы Орусиянын Башкы консулдугунда жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде ТАСС басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, орусиялык делегацияны Орусиянын АКШдагы элчиси Александр Дарчиев, ал эми америкалык делегацияны АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Соната Коултер жетектеп келген.

Буга чейин жолугушууда эки өлкөнүн элчиликтеринин ишин нормалдаштыруу талкууланары маалым болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин март айында Эр-Рияд шаарында АКШ менен Орусия тараптын делегациялары жолугушуп, сүйлөшүү 12 саатка созулган. Анда Кара деңизде кеме жүрүү коопсуздугу жана энергетикалык объектилерде убактылуу ок атышууну токтотуу сыяктуу бир топ меселелер калкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан