Кытай менен АКШнын тиреши... Кезек Голливуд тасмаларына жеттиби?

Пекин АКШ менен болгон тарифтик тирешүүгө байланыштуу америкалык тасмалардын импортун чектөөнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын Улуттук кино башкармалыгы билдиргенин жазышты.

"АКШ өкмөтүнүн Кытайга адилетсиз тарифтерди киргизүү боюнча туура эмес кадамы сөзсүз түрдө америкалык тасмаларга болгон көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун дагы да төмөндөшүнө алып келет. Биз рыноктун эрежелерин сактайбыз, көрүүчүлөрдүн тандоосун сыйлайбыз жана импорттолуучу америкалык тасмалардын санын орточо кыскартабыз", - деп айтылган анда.

Белгилей кетсек, Трамп өткөн аптада 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.

Көп өтпөй Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Трамп буга катаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизээрин айткан.

Андан соң Ак үй Кытайдан келген товарлар үчүн бажы алымдарын 104 пайызга көтөргөнүн билдирген. Кытай буга кайрадан жоп кылып, америкалык товарлорга болгон бажы алымдары 84 пайызга чейин көтөргөн. Мындан улам Трамп Кытайга болгон 104 пайыздык чекти 125ке чейин көтөргөн.

Пекин Вашингтон менен тарифтик согуштан коркпой турганын жана акырына чейин күрөшөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан