"Сонун болуп турат". Орунбеков бүгүн тапшырылган көп кабаттуу үйдүн кечки көрүнүшү менен бөлүштү (видео)

Президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасында Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп, бүгүн, 11-апрелде ээлерине тапшырылган көп кабаттуу батирдеги жашоону чагылдарган видео менен бөлүштү.

"Бүгүн 612 үй-бүлөгө тапшырылган МИКтин үйлөрү. Мына бүгүн свети күйүп, жаркырап, сонун болуп турат. Ичи толо кубаныч болсо керек", - деди ал.

Айта кетсек, МИКтин кезектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан батирлери президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өз ээлерине тапшырылды.

12.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан